Кириш сөз:
Депрессия (чоң депрессивдик бузулуу) - адамдын өзүн кандай сезерине, ойлоосуна, аракеттерине жана дүйнөнү кабыл алуусуна терс таасир тийгизген кеңири таралган жана олуттуу психикалык ооруу. Кээде көңүлсүздөнүү же "маанайдын түшүп кетиши" адамзат тажрыйбасынын калыпуу бөлүгү болуп саналат. Бирок депрессия диагнозу коюлушу үчүн жогоруда аталган белгилер күндүн көбүнчө бөлүгүндө, дээрлик ар күнү, эки жумадан ашык убакыт бою созулушу жана күнүмдүк жашоодо ачык-айкын өзгөрүү болушу керек.
Депрессия жөнүндөгү илим
Чынында, бул процесске химиялык заттар катышат, бирок маселе бир заттын өтө азайып, экинчисинин өтө көбөйүп кетишинде эле турган жок. Тескерисинче, нерв клеткаларынын ичинде да, сыртында да иштеген көптөгөн химиялык заттар катышат. Биздин маанайыбызга, кабыл алуубузга жана жашоону кандай сезерибизге жооптуу болгон динамикалык системаны миллиондогон, атүгүл миллиарддаган химиялык реакциялар түзөт. Мээнин бөлүктөрүндө төмөнкүлөр болот:
Бадамча дене (амигдала) мээнин терең жайгашкан түзүлүштөр тобунун бир бөлүгү болуп, ачуу, ырахат, кайгы жана коркуу сыяктуу эмоцияларга байланыштуу. Депрессия учурунда бадамча дененин активдүүлүгү жогорулайт. Активдүүлүктүн мындай жогорулашы убакыттын өтүшү менен анын чоңоюшуна алып келиши мүмкүн.
Депрессиясы бар кээ бир адамдарда гиппокамптын өлчөмү кичине болот, изилдөөлөр стресс гормондорунун узак убакыт таасир этиши дал ушул мээ бөлүгүндөгү нейрондордун өсүшүнө тоскоол болорун көрсөтөт. Гиппокамп узак мөөнөттүү эсте калтырууну иштетүүдө маанилүү ролду ойнойт
Адамдын мээси электр импульстары менен химиялык сигналдардын ортосундагы назик тең салмактуулуктун негизинде иштейт, дал ушул тең салмактуулук биздин эмнени сезерибизди, кантип ойлоорубузду жана дүйнөгө кандай жооп берерибизди аныктайт. Мээнин эмоционалдык борборлорунда, тактап айтканда бадамча дене жана гиппокампта, бул тең салмактуулук нейрондордун активдүүлүгүн козгогон же тынчтандырган нейромедиаторлордун үзгүлтүксүз алмашуусу аркылуу сакталат. Стресс же жаракат узакка созулган мүнөзгө ээ болгондо, бул сигналдарды жөнгө салуу бузула баштайт: кээ бир аймактарда ашыкча козголуу, ал эми башкаларында активдүүлүктүн төмөндөшү байкалат. "Маанай менен эмоцияларды жөнгө салууга жооптуу мээнин жогорку борборлорундагы нерв клеткаларынын ортосунда глутамат жана ГАМК сыяктуу химиялык кабарчылар бар." Так ушул экөө мээнин эң көп таралган нейромедиаторлору болуп саналат. Алар мээнин өмүр бою кандай өзгөрүп, өнүгөрүн аныктайт. Адам узакка созулган стресс менен тынчсыздануну башынан өткөргөндө, нерв клеткаларынын ортосундагы кээ бир байланыштар үзүлөт. Натыйжада, зыянга учураган клеткалардын ортосундагы байланыш "ызы-чуулуу" болуп калат. Көптөгөн окумуштуулардын пикири боюнча, дал ушул ызы-чуу жана байланыштардын жалпы жоголушу депрессиянын биологиялык негизин түзөт.
Депрессияга эмне үчүн олуттуу мамиле кылуу керек?
Тилекке каршы, Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, акыркы жылдары суицид учурлары азайганы менен, өзгөчө жаштар арасында суицидге болжолдуу аракеттердин саны көбөйүп жатат. Өз жанын кыйган адамдардын арасында эң көп кездешкен негизги оору - депрессия.
Депрессиянын кеңири таралган белгилерине чарчоо, уйку бузулушу, тамактануу ыклымынын өзгөрүшү жана дене оорусу кирет. Эмоционалдык белгилердин арасында иш-аракеттерге болгон кызыгуунун жоголушу, теспей-тынбай көңүлсүздөнүү, маанайдын кескин өзгөрүшү, ыйлоо мезгилдери, үмүтсүздүк жана эмоционалдык сезимсиздик көп кездешет.
Депрессия - мээнин негизги химиялык заттарынын, тактап айтканда серотониндин, дофаминдин, норадреналиндин жана ГАМКнын тең салмактуулугунун бузулушу менен байланышкан неврологиялык бузулуу. Ушул нейромедиаторлордун деңгээлинин төмөндүгү маанайга, жүрүм-турумга, уйкуга жана чечим кабыл алуу жөндөмүнө таасир этиши мүмкүн.
Депрессияны дарылоонун маанилүүлүгү
Изилдөөлөр дарыланбаган депрессия менен дене ден соолугунун көйгөйлөрүнүн ортосунда так байланыш бар экенин көрсөтөт. Депрессиясы бар адамдарда жүрөк оорулары, кант диабети жана семиздик сыяктуу узакка созулган ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору.
Депрессияга мүнөздүү болгон үзгүлтүксүз эмоционалдык стресс жана физиологиялык өзгөрүүлөр ушул ден соолук көйгөйлөрүнүн пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары, дарыланбаган депрессия көбүнчө уйкуну жана тамактануу ыклымын бузат, бул дене ден соолугунун көйгөйлөрүн андан ары күчөтөт.
Жыйынтык:
Депрессияны "көрүү" мүмкүн эмес, себеби ал адамды ичинен жеп бүтөт. Ал ушунчалык көп күч-кубатты алып кетет, натыйжада адамда иштерин аягына чыгарууга, атүгүл тамактанууга да каалоо калбайт. Бейтаптар оорунун атынан эмес, жогоруда аталган белгилерден кыйналышат. Тилекке каршы, ушул үмүтсүздүк жана чындыктан алыстоо суициддик ойлорго жана адаттагыдай эмес жүрүм-турумга алып келиши мүмкүн. Бактыга жараша, керектүү дарылоо, терапия сеанстары жана дарылар аркылуу мунун алдын алууга болот.
Булактар:
Singh, M. K., & Gotlib, I. H. (2014). The neuroscience of depression: Implications for assessment and intervention. Behaviour Research and Therapy, 62, 60‑73. https://doi.org/10.1016/j.brat.2014.08.008
Yale Medicine. (n.d.). How depression affects the brain - Neurobiology of depression. Yale Medicine. Retrieved November 3, 2025, from https://www.yalemedicine.org/news/neurobiology-depression
American Psychiatric Association. What is depression? Retrieved November 3, 2025, from https://www.psychiatry.org/patients-families/depression/what-is-depression
Harvard Health Publishing. (2022, January 10). What causes depression? Harvard Health. https://www.health.harvard.edu/mind-and-mood/what-causes-depression
Stevens, A. (2021, October 19). Why depression should be taken seriously. The Heights Treatment. Retrieved November 3, 2025, from https://theheightstreatment.com/why-depression-should-be-taken-seriously/
Alchemy Wellness & Ketamine Therapy. (2024, February 20). Why is it important to treat depression? Retrieved November 3, 2025, from https://wellwithalchemy.com/why-is-it-important-to-treat-depression/
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү