Дежавю: мээ эмне үчүн бул көз ирмемди мурда көргөндөй сезет?
Кээде бир учур өтүп баратканда, ал мурдатан эле эсиңизде бардай таңгаларлык сезимге батасыз. Мээнин ушул көз ирмемдик алдамчылыгын дежавю деп атайбыз.
Сизде да болушу мүмкүн болгон бир нече кырдаал:
Сүйлөшүп отурасыз да, күтүлбөгөн жерден так ушул маекти мурда өткөргөндөй сезимге кабыласыз. Атүгүл маектешиңиз эмне айтарын алдын ала билгендей болосуз.
Кофеканада кезекте турасыз жана бул көрүнүштү мурда көргөндөй сезесиз. Башка кардарлар дал өзүңүз «эстеген» жерде турушат.
Досуңуздун жаңы батирине биринчи жолу барасыз, бирок бөлмөлөрдүн жайгашышы, жарыгы, атүгүл жыты бул жерде мурда болгондой күчтүү сезим жаратат.
Эгер булардын бирөө сизге тааныш болсо, дежавюнун илимий жагын билүү үчүн бул макаланы окуңуз.
Дежавю деген эмне?
Француз тилинен которгондо déjà vu «мурда көрүлгөн» дегенди билдирет. Жөнөкөй тил менен айтканда, дежавю деген өткөндө дал ушундай кырдаалды башыңыздан өткөргөндөй кыска сезим, чындыгында андай болбогон. Изилдөөлөргө ылайык, адамдардын болжол менен 97%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу дежавюну сезген. Көбүнчө бул бир саамга ойлондуруп, анан баары кадимкидей уланып кете турган тез сезимден башка эч нерсе эмес.
Илимде дежавюну жалган тааныштык сезими катары сүрөттөшөт: мээ кырдаалдын жаңы экенин билип туруп, аны мурда болгон деп жаңылыш таанытат. Аны көбүнчө эстутум иллюзиясы же диссоциативдик тажрыйба катары карашат, мында тааныштык сезими жаңы маалыматты коддоо процессинен убактылуу «ажырап» калат.
Мээнин ичинде эмне болуп жатат:
Илимий түшүндүрмөлөр көбүнчө чыкый бөлүгүндөгү (эстутумга жооптуу) жана маңдай кыртышындагы (жогорку деңгээлдеги таанып-билүүгө жооптуу) кыска «үзгүлтүктү», же сенсордук маалыматты иштетүүнүн бир саамдык кечигүүсүн көрсөтөт, дал ушул кечигүү учурду мурда башынан өткөргөндөй сезим жаратат. «Дежавюну эстутумду эске түшүрүү менен тааныштык сезимине катышкан мээ бөлүктөрүнүн ортосундагы байланыштын бузулушу жаратат», деп түшүндүрөт доктор Хури (Dr. Khoury). «Бул эстутум менен жаңы тажрыйбанын чегин бүдөмүктөткөн жаңылыштык».
Изилдөөчүлөр себебин так билишпесе да, кээ бирлери дежавю төмөнкү учурларда көбүрөөк кездешет деп болжолдошот:
Билим деңгээлиңиз жогору болсо
Көп саякаттасаңыз
Түшүңүздү эстеп калсаңыз
Дежавюнун түрлөрү:
Жаме вю (jamais vu)
Nature Neuroscience журналындагы изилдөөгө ылайык, жаме вю дежавюнун карама-каршысы болуп эсептелет. Түз которгондо «эч качан көрүлбөгөн» дегенди билдирген бул кубулуш тааныш кырдаал же тажрыйба капысынан бөтөн жана таңсык сезилип, аны биринчи жолу көрүп жаткандай туюлганда пайда болот. Кадимки учурда келип түшкөн сенсордук маалымат сакталган эстеликтер менен салыштырылып, тааныштык же таанып-билүү сезимин жаратат. Ал эми жаме вю учурунда бул салыштыруу кандайдыр бир себептен ишке ашпай калат, натыйжада коркунучтуу бөтөндүк сезими пайда болот.
Преск вю (presque vu)
Presque vu «дээрлик көргөн» дегенди билдирет жана адам белгилүү бир сөздү, ысымды же ойду эстөөгө аз эле калгандай сезгенде, бирок канча аракет кылса да аны эстей албай койгондо пайда болот.
Дежа реве (déjà rêvé)
«Мурда түштө көрүлгөн» деп которулган déjà rêvé азыркы кырдаал же окуя түштөн калган эстелик сыяктуу сезилишин билдирет жана ойгоо кездеги чындык менен түш үзүндүлөрүн бир бүтүнгө сырдуу түрдө аралаштырат. Brain Stimulation журналындагы изилдөөгө ылайык, déjà rêvé өткөн түштөгүгө окшош нейрондук үлгүлөр же активдүүлүк ойгоо учурда иштеп кеткенде пайда болот деп эсептелет.
Дежа веку (déjà vécu)
«Мурда жашалган» маанисин берген déjà vécu өткөн тажрыйбаны же эстеликти эң майда деталдарына чейин кайрадан башынан өткөрүү сезимин билдирет, ага көбүнчө күчтүү эмоциялык жооп жана багыттан жаңылуу кошулат. Cognitive Neuropsychiatry журналындагы изилдөөгө ылайык, бул көп кездешкен, бирок таң калычтуу кубулуш мээнин эстутумдан маалымат алуу процесстери азыркы дүүлүктүргүчтөргө жооп катары иштеп кеткенде пайда болот, ошентип өткөн окуялар дал азыр болуп жаткандай кайра башынан өткөрүлөт. Эмоциялык дүүлүгүү, контексттик белгилер жана сенсордук маалыматтын бириктирилиши déjà vécu тажрыйбасынын канчалык күчтүү жана чыныгыдай сезилерин аныктайт.
Дежавю адам акыл-эсинин эң кызыктуу сырларынын бири бойдон калууда. Илим нейрондук «жаңылыштыктарды» жана мээнин тааныштыкты иштетүү ыкмасындагы үзгүлтүктөрдү көрсөткөнү менен, так механизмдер азырынча толук түшүнүлө элек. Бизге белгилүү болгону мына бул: дежавю жана ага жакын тажрыйбалар адам эстутумунун канчалык татаал жана таң калычтуу экенин ачык көрсөтөт. Изилдөөлөр уланган сайын, тааныштыктын ар бир кызыктай учкуну бизди эстутум менен аң-сезимдин терең иштешин ачууга жакындатышы мүмкүн.
Колдонулган адабияттар:
Travers, M. (2024) A psychologist shares 4 new types of déjà vu. Forbes. 15 February. Available at: https://www.forbes.com/sites/traversmark/2024/02/15/a-psychologist-shares-4-new-types-of-dj-vu/ (Accessed: 1 October 2025).
O’Connor, A.R. and Moulin, C.J.A. (2010) ‘Recognition without identification, erroneous familiarity and déjà vu’, Cognitive Neuropsychiatry, 15(1–3), pp. 322–347. Available at: https://www.tandfonline.com/doi/abs/10.1080/13546800903113071 (Accessed: 1 October 2025).
Adachi, N., Akanuma, N., Adachi, T. and Takekawa, Y. (2018) ‘Types and characteristics of déjà experiences in patients with epilepsy’, Epilepsy & Behavior, 86, pp. 118–123. Available at: https://linkinghub.elsevier.com/retrieve/pii/S1935861X18300792 (Accessed: 1 October 2025).
Brown, A.S. (2003) A review of the déjà vu experience. Available at: https://citeseerx.ist.psu.edu/document?repid=rep1&type=pdf&doi=cb27db0ba160b411a3c0b8d99f8dc56c6df26595 (Accessed: 1 October 2025).
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү