Кечки адат – эртеңки коркунуч
Саат түнкү 1:38. Телефонуңуз жүзүңүздү жарыктандырып турат. "Дагы бир мүнөт..." дейсиз. Бирок ошол "бир мүнөт" отуз мүнөткө айланат. Эртең менен болсо көзүңүз кызарып, башыңыз оордоп, бир эле учурда ондогон терезелери ачылган жай иштеген браузерге окшойсуз. Ошондой болсо да, эртеси күнү да ушул адатты кайталайсыз.
Бирок сиз жалгыз уйкудан эле ажырап жаткан жоксуз, тескерисинче мээңизге өзүн-өзү жегенине жол берип жатасыз. Ооба, дал ушундай.
Уйкусуздук (башкача айтканда уйку убактысынын кыскарышы жана сапатсыз уйку) заманбап коомдо кеңири таралган көйгөй болуп саналат. Анын кесепеттери болсо жалгыз эстеп коюу же көбүрөөк кофе ичүү менен эле чектелбейт. Ал мээбизди тереңирээк деңгээлде бузат.
Илимий далилдер
2017-жылы Италиядагы Марке Политехникалык Университетинин окумуштуулары уйкудан ажыратылган чычкандарда таң калыштуу көрүнүштү аныкташкан. Узакка созулган уйкусуздук мээнин ичиндеги эки түрдөгү клеткаларды өтө көп өлчөмдө активдештирет.
Микроглиялар – мээнин "коргоочу аскерлери", алар зыян тарткан клеткаларды жана калдыктарды тазалайт.
Астроциттер – химиялык заттарды жөнгө салат жана колдонулбай калган синапстарды "тазалап" нейрон тармактарын натыйжалуу кылат.
Бирок уйку жетишпесе, бул системалар башкаруудан чыгат. Микроглиялар соо клеткаларды да жоготуп баштайт, астроциттер болсо керектүү синапстарды да кесип салат. Натыйжада мээ өзүнүн "зымдарын" жей баштайт. Бул абал болсо Альцгеймер, Паркинсон сыяктуу оор оорулар менен байланыштуу.
Дүйнөлүк рекорддон сабак
1964-жылы америкалык өспүрүм Ренди Гарднер 264 саат, башкача айтканда 11 күндөн ашык уктабай, ойгоо жүрүп рекорд коюган. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болгондуктан денесинде туруктуу физикалык зыян болгон эмес. Бирок акыл жагынан кандай? Анын сүйлөшү бузулду, көңүлү бөлүнбөй калды, эсте тутуусу начарлады, атүгүл галлюцинациялар пайда болду.
Бул тажрыйба бир нерсени далилдеди: уйкудан ажырагандa эң оболу жана эң терең сокку денеге эмес, дал мээге тиет. Эң коркунучтуусу, бул зыян унчукпай, биз өзүбүздү "баары жайында" деп ойлогон учурда да улана берет.
Уйкусуздуктун жашыруун кесепеттери
Уйкудан ажыроо бир катар олуттуу көйгөйлөргө алып келет.
Когнитивдик начарлоо. Мээ жумуш күнүндө алынган маалымат менен толот, түн ичинде болсо уйку аны иреттейт, эсте тутууну бекемдейт, керексиз маалыматтарды өчүрөт, эртеңки күн үчүн көңүл бурууну калыбына келтирет. Эгер уйку жетишпесе, мээ "тазалоочу бригадасыз" калат. Натыйжада унутчаактык, майда нерселерге өтө көп реакция берүү, көңүл буруунун начарлашы орун алат. Убакыт өтүшү менен бул процесс туруктуу когнитивдик бузулууларга айланат.
Сак эмес тамактануу жана семирүү. Уйку жалгыз гана мээнин эс алышы эмес, ошондой эле тамак-аш каалоосун көзөмөлдөөгө да жардам берет. Грелин гормону ачкачылыкты күчөтсө, лептин тоюнуучулукту билдирет. Уйкусуздук грелинди көбөйтөт, лептинди азайтат. Ошондуктан адам калориясы мол, майлуу жана таттуу тамактарды көбүрөөк каалайт. Бул болсо ашыкча салмакка алып келет.
Жүрөк-кан тамыр оорулары. Соо уйку кан басымын түшүрөт жана жүрөккө эс берет. Уйкусуздук болсо стресс гормондорун жогорку деңгээлде кармап турат, сезгениш күчөйт. Натыйжада жүрөк талмасы жана инсульт коркунучу артат.
Метаболикалык бузулуулар. Денебиздеги "энергия заводу" болгон метаболизм да уйкуга көз каранды. Уйкусуздук денедеги инсулинге сезгичтикти азайтат. Кант канда узагыраак калат жана 2-тип диабет коркунучу артат. Бул жай, бирок коркунучтуу процесс.
Калыбына келтирүүгө болобу?
Жакшы кабар – мээ таң калыштуу деңгээлде ыңгайлашуучан. Туруктуу аракеттер менен уйкусуздуктун көптөгөн кесепеттерин жайлатууга, атүгүл жарым-жартылай жоюуга болот.
Физикалык кыймыл. Чычкандарда өткөрүлгөн тажрыйба көрсөткөндөй, көнүгүү жасаган топ азыраак тынчсыздануу жана депрессияга дуушар болгон, эсте тутуусу жакшыраак болгон. Адамдар үчүн да үзгүлтүксүз басуу, велосипед тебүү же жөнөкөй көнүгүүлөр мээни коргойт.
Табиятка чыгуу. Жашыл аймактар маанайды көтөрүүдөн тышкары, дененин ички саатын, циркадиандык ритмди кайра тууралайт. Күн нуру жана табияттагы тынчтык стрессти азайтат, уйку сапатын жакшыртат.
Магнийге бай тамактар. Магний булчуңдарды бошоңдотот, тынчтандыруучу ГАБА химиялык затынын иштелип чыгуусуна жардам берет. Ал жалбырактуу жашылчаларда, жаңгактарда, үрөндөрдө жана атүгүл кара шоколадда да кездешет.
Уйку гигиенасы. Ар күнү 7–9 саат уктоону максат кылыңыз. Айрыкча саат 22:00–02:00 аралыгында денеде мелатонин гормону эң көп иштелип чыгат. Бул болсо уйкуну терең жана сапаттуу кылат. Уктаардан мурун жарыктарды өчүрүү, экрандардан алыс болуу да абдан маанилүү.
Руханий тынчтандыруучу көнүгүүлөр. Жеңил йога, медитация же жөнөкөй терең дем алуу уктаардан мурун жүрөк согушун жайлатат жана нерв системасын тынчтандырат. Муну үзгүлтүксүз жасаганда, мээ аны "уйку сигналы" катары кабыл ала баштайт.
Жыйынтык ойлор
Уйку кооз каалуу нерсе эмес, ал суу жана тамак-аш сыяктуу табигый муктаждык. Уйкусуздуктун зыяндары көбүнчө жашыруун башталат, адам муну дароо байкабайт. Бирок уйкуну калыбына келтирүү аркылуу мээге өзүн оңдоого, кайра калыбына келтирүүгө жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө болот.
Ошондуктан түнкүсүн "дагы бир мүнөт" деп өзүңүздү алдаган учурда, эсиңизде болсун: ар бир сааттык чыныгы уйку, бул келечектеги соо денеңизге жана таза акыл-эсиңизге жасалган инвестиция.
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү