Дээрлик баары убакыт-убактысы менен стрессти сезет. Экзамен же презентациядан мурун бир аз стресс көңүлүңүздү курчутуп, сизди жакшыраак иштешке түртүшү мүмкүн. Себеби, стресс аз өлчөмдө биздин аман калуу тутумубуздун бир бөлүгү. Ал коркунуч жөнүндө кабарлайт жана бизди аракетке түртөт.
Бирок стресс жумалар, айлар же атүгүл жылдар бою жоголбосо эмне болот? Ошондо ал мээнин өзүн кайра калыптандыра баштайт, ойлонушубузга, эстеп калуубузга жана атүгүл чечим кабыл алуубузга да таасир этет. Окумуштуулар стресстин бул жашыруун таасирин изилдеп жатышат жана натыйжалар бир эле учурда кызыктуу да, бир аз тынчсыздандыруучу да.
Стресс жана эс: назик тең салмактуулук
Мээңиз иштиктүү эске, башкача айтканда, кичине маалыматты убактылуу сактап, аны колдоно алуу жөндөмүнө таянат. Элестетип көрүңүз, телефон номерин окуп чыккандан кийин эле аны терүүгө аракет кыласыз. Бул иштиктүү эстин иш жүзүндөгү колдонулушу.
Кыска мөөнөттүү стресс кээде бул тутумду күчөтүшү мүмкүн. Мисалы, экзамен алдында "басым астында болуу" көңүлдү жакшыраак топтоого жардам берет. Бирок сурункалуу стресс бул таптакыр башка маселе.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, узак мөөнөттүү стресс чечим кабыл алуу, пландаштыруу жана эс үчүн жооптуу болгон префронталдык кортексте мээ клеткалары ортосундагы байланыштарды (синапстарды) кыскартат.
Натыйжада эмне болот? Сиз өзүңүздү чачыранды, унутчаак жана так ойлоно албаган сезесиз. Бул "күйүп кеткен" сезим жөн гана сиздин элестетүүңүз эмес, тескерисинче, мээңиздин түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр.
Стресс дүйнөнү угуу ыкмаңызды өзгөртөт
Сурункалуу стресс жалгыз эле ойлоруңузду түтпөлдөтүп тим болбостон, сезимдериңизди да өзгөртүшү мүмкүн. Жаныбарларга жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, узакка созулган стресс мээнин үндү иштетүү жөндөмүн алсыратат.
Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени мээңиз ашыкча жүктөлгөндө, ал өтө маанилүү милдеттерди башка нерселерден жогору коё баштайт. Ал бирөөнүн үнүнүн обонундагы назик деталдарды көңүлгө албай коюшу мүмкүн, бул болсо маектерде, окууда же коомдук кырдаалдарда сизди азыраак сергек кылып коёт. Убакыттын өтүшү менен бул атүгүл таанып-билүү жана маанай бузулуштарына алып келиши мүмкүн.
Эмне үчүн кээ бир адамдар түшүнкүлүккө түшүп калат, ал эми башкалары тескерисинче калыбына келе алышат.
Байкадыңызбы, бирдей стресс абалында эки адам таптакыр башкача мамиле билдирет. Бирөө тынчсыздык же түшүнкүлүккө түшөт, экинчиси болсо тынч жана көңүлүн топтогон бойдон калат.
Окумуштуулар бул айырманын бир бөлүгүн мээ клеткаларынын мембраналарынын бетинде жайгашкан CB1 рецепторлору (Каннабиноид Рецептор Түрү 1) деп аталган атайын белоктор менен байланыштырышты. Бул рецепторлор нейрондордун маанай жана стрессти башкаруучу нейротрансмиттерлерге кандай жооп берерин жөнгө салат. CB1 рецепторлору активдүүрөк болгон адамдар (же жаныбарлар) чыдамкыраак болушат, башкача айтканда, алардын мээси басым астында жакшыраак ыңгайлашат.
Кубанычтуусу, дене боюнча активдүүлүк, антидепрессанттар жана атүгүл ден соолукка пайдалуу турмуш образын тандоо CB1 рецепторлорунун активдүүлүгүн жогорулатышы мүмкүн. Бул болсо мээбизди стресске чыдамдуу болууга үйрөтө алабыз дегенди билдирет.
Стресс мээңизге чын мааниде кандай таасир этет?
Стресске түшкөнүңүздө, мээнин коркуу борбору болгон амигдала башкарууну өз колуна алат. Бул худди мээңиз "аман калуу режимине" өтүп, эс жана жогорку ой жүгүртүүдөн ресурстарды алыс жылдыргандай болот. Ошондуктан сиз тест учурунда эстен адашасыз же чыр-чатактан кийин майда-чүйдөлөрдү унутуп каласыз.
Стресс, ошондой эле, сезгенүүнү (жалгандыкты) пайда кылат. Бул иммундук тутумуңуздун узак мөөнөттүү коркунуч сигналдарына ашыкча реакциясы. Сезгенүү кан тамырларды бузат, жүрөктү чарчатат жана органдардын иштешин бузат. Бейтаптар муну баш оору, көкүрөктө кысылуу, тамак сиңирүү көйгөйлөрү же туруктуу чарчоо катары сезиши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен бул белгилер гипертония, жүрөк оорусу же кант диабети сыяктуу сурункалуу оорулуларга алып келиши мүмкүн.
Эстроген жана тестостерон сыяктуу гормондор стресске жооп берүүгө таасир этет. Бул болсо эркектер менен аялдар балакатка жетүү, кош бойлуулук же менопауза мезгилинде стрессти ар түрдүү башынан өткөрүшү мүмкүн экенин түшүндүрөт.
Кана, мээбизди стресстен кантип коргойбуз?
Илимий маалыматтар коркунучтуу көрүнүшү мүмкүн, бирок алар чечимдерге да ишарат кылат. Төмөндө мээңизди коргоонун жөнөкөй, илимий негизделген ыкмалары келтирилген:
- Алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгүн түзүңүз. Алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгү күнүмдүк жашооңуздагы туруктуулук сезимин билдирет. Туруктуу сабак сааттары же эртең мененки серүүн сыяктуу адаттарды калыптандыруу белгисиздикти азайтат, бул болсо мээнин стресске жообун жеңилдетет.
- Уйкуга артыкчылык бериңиз. Уйкусуздук стресс астында мээни алсыратат. Уйку тартибине карманыңыз, түштөн кийин кофеин керектөөнү азайтыңыз жана бөлмөңүздү караңгы жана салкын сактаңыз.
- Тартипке салыңыз. Милдеттериңизди жазып туруу стрессти күчөтүүчү акыл "баш аламандыгын" азайтат. Так план тынч мээге алып келет.
- Активдүү болуңуз. Дене көнүгүүлөрү жалгыз эле кан айланууну ылдамдатпастан, эндорфиндерди да иштеп чыгарат. Бул табигый мээ химиялык заттары "жакшы маанай" кабарчысы кызматын аткарат. Эндорфиндер оорунун сезилишин азайтат жана оң сезимдерди козгоп, стресске каршы туруп чыгууга жардам берет.
- Баарлашууга кириңиз. Коомдук колдоо чыдамкайлыкты жогорулатат. Досуңуз, устатыңыз же адистер менен маектешүү стрессти жеңилирээк башкарууга жардам берет.
- Көз карашыңызды өзгөртүңүз. Стресс ар дайым эле душман эмес. Максат нөл стресске жетишүү эмес, анын таасиринде кулоонун ордуна жооп берүүнү үйрөнүү.
Жыйынтык ой
Стресс жашообуздун ажырагыс бөлүгү бойдон кала берет. Бирок илим көрсөтүп жаткандай, стресске болгон мамилебиз жалгыз эле руханий саламаттыгыбызды эмес, мээбиздин түзүлүшүн да калыптандырат. Ден соолукка пайдалуу адаттар, толук уйку, дене боюнча активдүүлүк, тартип жана айланадагылардын колдоосу аркылуу сиз стрессти кыйратуучу күчтөн өнүгүү каражатына айландыра аласыз.
Кийинки жолу өзүңүздү басым астында сезгениңизде, мээңиз сизди угуп жатканын унутпаңыз. Бүгүн кабыл алган чечимдериңиз аны эртең дагы да чыдамкай кыла алат.
Адабияттар:
- Harvard Health Publishing. (2021, July 6). Protect your brain from stress. Harvard Health. https://www.health.harvard.edu/mind-and-mood/protect-your-brain-from-stress
- American Brain Foundation. (2025, May 12). The brain and stress. American Brain Foundation. https://www.americanbrainfoundation.org/the-brain-and-stress/
Которгон жана редакциялаган: Машхура Кудратова жана Исломжон Избасаров
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү