Эмне үчүн ашыкча иштөөдөн сак болушубуз керек?
Адам мээси заманбап смартфонду эске салат. Ал да туура иштеши үчүн эс алууга, сапаттуу уйкуга жана эмгек менен жашоо ортосундагы тең салмактуулукка муктаж. Эгер биз мээнин мүмкүнчүлүгүн ашыкча пайдаланууну улантсак, өзгөчө өспүрүмдүк мезгилде, ал чарчай баштайт. Кээде билинбеген деңгээлде, биз күтпөгөн өзгөрүүлөргө жүз бурат. Бул өзгөрүүлөр келечектеги ден соолугубузга олуттуу таасир этиши мүмкүн.
Мээ ашыкча жүктөмгө кандай жооп кайтарат?
Мээ адаттагыдан көбүрөөк ишмердик кылганда, ал акырындык менен «күйүп кетет», башкача айтканда чарчоонун терең формасына — «burnout»го дуушар болот. Burnout ашыкча иштөөнүн негизги кесепети болуп саналат жана андан башка көптөгөн терс абалдар келип чыгат.
Бул процессти түшүнүү үчүн организмдин ичинде эмнелер болуп жатканын карап чыгуу керек. Ашыкча иштеп жаткан адамдын клетка, гормоналдык жана нерв тутумдары узак убакыт калыбына келбей эле зордолуп иштейт. Сөз жөнөкөй чарчоо жөнүндө эмес, бүтүндөй тутумдун иштен чыгышы, организмдин өзүн калыбына келтирүү күчүн жоготушу жөнүндө болуп жатат. Окумуштуулар муну «метаболикалык резервдерди жоготуу» деп аташат.
Мээнин энергия иштеп чыгаруучу негизги булагы — мээ клеткаларынын митохондриялары. Алар клеткаларда «энергия заводу» милдетин аткарат. Ашыкча стресс учурунда митохондриялар кычкылдануу зыяндары жана сезгенүү сигналдарынын таасиринен иштен чыгат. Натыйжада энергия иштеп чыгаруу жайлайт, организм тең салмактуулукту сактоо жана калыбына келүүдө кыйынчылыкка дуушар болот.
Узак убакыт бою мээнин ашыкча жүктөлүшүнүн натыйжасында гормондор тутумунда да бузулуулар пайда болот. Кортизол деңгээли өзгөрүп, энергия ресурстары азаят. Burnout ар дайым эле кайгы же түшкүнсүроо түрүндө көрүнбөйт. Ал көбүнчө адамдын ички мотивациясынын төмөндөшү, эмоционалдык муздашы жана дофамин деңгээлинин азайышы аркылуу байкалат. Мындай адамдар жөнөкөй тапшырмаларды аткарууга да кызыкпай калышат, чындыктан алыстайт.
Адамдар кантип ашыкча иштөө деңгээлине жетишет?
Ашыкча иштөө адатта адамдын эмгек көлөмү нормадан ашып кеткенде, өтө көп жана узак убакыт бою иштегенде жүз берет. Бул жалаң гана дене-бой эмес, ошондой эле акыл-эс жана эмоционалдык чарчоону да камтыйт.
Бүгүнкү күндө адамдар көбүнчө өздөрүнө абдан чоң талап коюшат, өтө кыска мөөнөттөрдө аткарылышы мүмкүн эмес тапшырмаларды белгилешет. Жумуш ордундагы талаптар, окуучулардын экзамендери, студенттер жана кызматкерлердин «түнү менен окуу же иштөө» адаты, жумасына 50 сааттан ашык иштөө — булардын баары мээ үчүн туруктуу жүктөм болуп кызмат кылат. Натыйжада, адам аң-сезимдүү да, аң-сезимсиз да иштөө жана ойлоо адатын калыптандырып алат, тыныгуу болбосо да мээси дайыма иш-аракетте боло берет.
Ашыкча иштөө кандай ден соолук көйгөйлөрүнө алып келет?
Көп иштөө мээнин түзүлүшүн да өзгөртүшү мүмкүн. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, узак убакыт иштеген адамдардын мээсинде эмоционалдык башкаруу жана эс тутум менен байланышкан аймактарда байкаларлык айырмачылыктар пайда болот. Адаттагыдан көбүрөөк иштеген адамдардын 17 мээ бөлүгү башкалардан айырмаланганы аныкталган.
Мындан тышкары, жумасына 61 саатан ашык иштөө артериалдык басымдын жогорулоо коркунучун күчөтөт. Ашыкча иштөө уйку убактысын кыскартат, бул болсо чарчоого алып келет. Мындай адатта ден соолукка пайдалуу жашоо образы да бузулат: адам тамеки чегүүгө, алкоголдук ичимдик колдонууга бейим болот, дене активдүүлүгү азаят.
Эмне үчүн бул абал коркунучтуу?
Окумуштуулардын өздөрү да айрым натыйжалардан таң калышкан. Алардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, узак убакыт бою күчтүү стресс мээде байкаларлык өзгөрүүлөргө алып келет. Кээде мээнин айрым аймактарынын көлөмү чоңоюп бараткандыгы да байкалган. Мисалы, атлас анализи деп аталган атайын МРТ ыкмасы ашыкча иштеген адамдарда мээнин чекеге бөлүгү — орто фронталдык гирус көлөмү адаттагыдан 19 пайызга чоңураак болорун көрсөткөн.
Мындай өзгөрүүлөр дене-бой ден соолугу үчүн да коркунучтуу. Узак убакыт бою эмгектенген адамдарда жүрөк-кан тамыр оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана психикалык ден соолук көйгөйлөрү көбөйөт. Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, жумасына 55 сааттан ашык иштеген адамдар инсульт алуу коркунучун 35 пайызга жогорулатышат. Эл аралык Эмгек Уюму болсо дүйнө боюнча ашыкча иштөө себебинен жылына 800 миңден ашык адам каза болорун белгилеген.
Чыныгы жашоодон мисал
53 жаштагы бизнес талдоочу Лиза Чой өзүнүн алгачкы белгилерин олуттуу кабыл алган эмес. Ал активдүү жашоо образын алып барган, тез-тез велосипед тепкен, майлуу тамактардан алыс болгон. Анын жүрөк талмасы үчүн адаттагы бейтапка окшобогонун бардыгы көргөн. Бирок ал жумасына 60 саатча иштечү, түндөрү да компьютердин алдында отуруп долбоорлорду жүргүзчү, мөөнөттөрдү өткөрүп жибербөө үчүн өзүн зордочу.
Бир күнү көкүрөгүндө катуу оору сезилгенден кийин, ал ооруканага кайрылды жана жүрөк артериясында айрылуу аныкталганын угуп калды. Бул оору адатта жаш аялдарда кездешүүчү сейрек жүрөк оорусу болчу. Дарыгерлер ага ангиопластика керек экенин айтышты, бирок Лиза өзүн «убактым жок, ишимде миграция долбоорлору күтүп турат» деп сооротуп жаткан. Мына ушундай мисалдар бүгүнкү иш жашообузда барган сайын көбүрөөк кездешип жатат.
Ашыкча иштөөдөн кантип сактанууга болот?
Көпчүлүк кеңеш катары «көбүрөөк уктачы», «эс ал», «медитация жаса» дейт. Бирок чыныгы burnoutко түшүп калган адам үчүн булардын өзү жетишсиз болот. Анткени көйгөй тереңирээк — метаболикалык резервдердин түгөнүшүндө. Ошондуктан адамдын ички дүйнөсү да кайрадан калыбына келиши керек.
Бул үчүн адегенде убакытты туура башкаруу маанилүү. Тапшырмаларды тартипке келтирүү, ашыкча майда тапшырмаларды башкаларга тапшыруу, бир учурда бир гана иштен айныбоо натыйжалуу болот. Эс алууну иш процессине кошуу, алаксытуучу нерселерден качуу жана иш менен үй жашоосу ортосунда так чек коюу керек. Адам өзүнүн эмгек чегин белгилеши, эс алуу күндөрүн пайдаланышы жана ден соолукка пайдалуу эс алуу ыкмаларын иш жүзүнө ашырышы зарыл. Ошондо гана эмгек өндүрүмдүүлүгү да, психикалык жана дене-бой ден соолугу да сакталат.
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү