Аннотация
Социалдык тармактар XXI кылымда адамдын баарлашуусун, маданиятын жана ой жүгүртүүсүн калыптандыруучу эң күчтүү факторлордун бирине айланды. Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча 4,9 миллиарддан ашык активдүү колдонуучу бар, Facebook, Instagram, TikTok жана X (мурунку Twitter) сыяктуу платформалар биздин баарлашуу ыкмабызды гана эмес, мээбиздин маалыматты кандай кабылдашын, сакташын жана эстеп калышын да түп-тамырынан бери өзгөрттү.
Когнитивдик илим көз карашынан алганда, социалдык тармактар эки тараптуу таасирге ээ: алар үйрөнүү процессин күчөтүшү, маалыматка жетүүнү кеңейтиши жана чыгармачыл маселелерди чечүүгө жардам бериши мүмкүн. Ошону менен бирге, алар көңүл бурууну кыскартышы, ой жүгүртүүнү майдалап жиберииши жана мээдеги сыйлык жолдорун өзгөртүшү да мүмкүн. Бул макалада нейроилим, психология жана жүрүм-турум изилдөөлөрүнө таянып, социалдык тармактардын когнитивдик таасирлери каралат.
Киришүү
Акыркы жыйырма жылдын ичинде социалдык тармактар тар чөйрөдөгү баарлашуу каражатынан глобалдык кубулушка айланды. 2024-жылга карата дүйнө элинин 61 пайызы социалдык тармактарды колдонот, адамдар күнүнө орточо 2 саат 30 мүнөттөн ашык убакытты ушул платформаларда өткөрүшөт.
Көп талкуулар социалдык тармактардын саясий же коомдук кесепеттерине багытталганы менен, алардын адамдын ой жүгүртүүсүнө түздөн-түз кандай таасир этери жөнүндө анча деле көп айтылган эмес. Чындыгында социалдык тармактар нейропластикалык касиет, б.а. мээдеги нерв жолдорунун ийкемдүүлүгү аркылуу көңүл буруу, эс тутум жана чечим кабыл алуу процесстерине таасир этет.
Эң кызыгы, социалдык тармактар дофамин системасын, б.а. ырахат жана сыйлык сезимин башкаруучу нейро-механизмдерди активдештирет. "Лайктар", комментарийлер жана жазылуучулар түрүндөгү стимулдар мээде так эле азарт оюндары же айрым заттар сыяктуу күчтүү ырахат жолдорун иштетет.
Когнитивдик илим көз карашы
Когнитивдик илим психологияны, нейроилимди, тилчиликти, жасалма интеллектти жана философияны бириктирген илимий тармак болуп, адамдын ой жүгүртүүсүнүн кандай иштээрин изилдейт. Социалдык тармактар бул процесстерге түздөн-түз таасир этет.
Attentional Control Theory (Эйзенк, 2007) мисалы, адамдын көңүл буруу мүмкүнчүлүгү чектелген экенин айтат. Социалдык тармактар болсо алгоритмдер аркылуу көңүлдү дайыма өзүнө тартып турат. Ар бир жаңы билдирүү же визуалдык материал мээни козгойт, бирок бул узак мөөнөттүү тапшырмаларда көңүлдү топтоо жөндөмүн начарлатат.
Эс тутум да өзгөрөт. "Google эффекти" деп аталган кубулуш бар: адамдар маалыматты интернеттен таба аларын билишсе, аны өз эсинде сактоого азыраак аракет кылышат. Демек, биз фактылардын өзүн эмес, аларды кайдан табууга болорун эстеп калууга көбүрөөк ыктайбыз.
Сыйлык системасы да активдүү болот. Лайк же жаңы жазылуучу алуу nucleus accumbens деп аталган мээ борборун активдештирет, бул борбор азарт оюндарында да иштейт. Ошондуктан социалдык тармактарды колдонуу көбүнчө адатка, атүгүл көз карандылыкка айланат.
Оң таасирлер
- Билим алуу мүмкүнчүлүгү. YouTube, LinkedIn Learning же билим берүүчү Instagram баракчалары микро-окутуу мүмкүнчүлүгүн берет. Татаал түшүнүктөр кичине бөлүктөргө бөлүнөт жана бул маалыматты тезирээк өздөштүрүүгө жардам берет.
- Когнитивдик ийкемдүүлүк. Ар кандай маданияттар менен көз караштарга туш болуу ой жүгүртүүнү кеңейтет, чыгармачыл жана ийкемдүү ойломду күчөтөт.
- Жамааттык акыл. Мисалы, ResearchGate же ачык илимий платформаларда илимий маселелерди биргеликте чечүүгө болот. Социалдык тармактар ушул жол менен татаал маселелерге чечим табууга жардам берет.
- Эс тутумдун бекемделиши. Бир теманы кайра-кайра көрүү же талкуулоо синапстарды бекемдейт. Ушундайча социалдык тармактар "кайталоо механизми" милдетин аткарат.
Терс таасирлер
- Көңүл буруунун кыскарышы. Microsoft (2015) изилдөөсү көрсөткөндөй, адамдын орточо көңүл буруу узактыгы 2000-жылы 12 секунд болсо, 2013-жылы 8 секундга чейин кыскарган. Мунун себептеринин бири тынымсыз алаксытуучу санарип маалымат.
- Үстүртөн ой жүгүртүү. Кыска видеолор, аталыштар жана мемдер тез окууга көнүктүрөт, бирок терең талдоо жөндөмүн начарлатат.
- Уйкунун бузулушу. Кечинде телефон же планшетти колдонуу мелатонин гормонун азайтат жана уйкунун сапатын начарлатат. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн арасында бул кеңири таралган.
- Эмоционалдык жана когнитивдик ашыкча жүктөлүү. Социалдык тармактардагы күчтүү эмоционалдык мазмун гиппокамптын ишин кыйындатат жана эс тутумдун калыптанышына тоскоол болот.
- Көз карандылыктын калыптанышы. Лайк жана комментарий сыяктуу күтүлбөгөн сыйлыктар адамды кайра-кайра текшерүүгө мажбурлайт. Нейроилим изилдөөлөрү бул процесстин баңгизаттарга окшош экенин көрсөтүп жатат.
Корутунду
Социалдык тармактар адамдын ой жүгүртүүсүн калыптандыруучу күчтүү каражат. Алар үйрөнүү жана маалымат алмашуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, бирок көңүлдү алаксытышы, терең ой жүгүртүүнү азайтышы жана көз карандылыкты күчөтүшү да мүмкүн.
Ошондуктан алдыбызда чоң милдет турат: социалдык тармактардын пайдасын көбөйтүп, зыянын азайтуу. Бул үчүн аң-сезимдүү колдонуу, ден соолукка пайдалуу санарип адаттар, этикалык технология дизайны жана үзгүлтүксүз илимий изилдөөлөр зарыл. Ушундай гана учурда социалдык тармактар билимибизди жана ой жүгүртүүбүздү кеңейтүүчү каражат бойдон калат, аны кыйраткыч эмес.
Булак:
- Carr, N. (2020). The shallows: What the Internet is doing to our brains. W. W. Norton & Company
- Chiu, C. Y., & Hong, Y. Y. (2006). Social psychology of culture. Psychology Press.
- DataReportal. (2024). Digital 2024: Global overview report.
- Eysenck, M. W., Derakshan, N., Santos, R., & Calvo, M. G. (2007). Anxiety and cognitive performance: Attentional control theory. Emotion, 7(2), 336–353
- Huang, C. (2021). Social network site use and mental health: A meta-analysis. Computers in Human Behavior, 114, 106524.
- Mayer, R. E. (2019). The Cambridge handbook of multimedia learning (2nd ed.). Cambridge University Press.
- Meshi, D., Morawetz, C., & Heekeren, H. R. (2013). Nucleus accumbens response to gains in reputation. Social Cognitive and Affective Neuroscience, 8(4), 423–429.
- Microsoft. (2015).Attention spans: Consumer insights. Microsoft Canada.
- Montag, C., et al. (2019).
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү