Эмне үчүн айрым кош бойлуулук мезгили өтө эрте аяктайт, ал эми башкалары кыйынчылыксыз толук мөөнөткө жетет? Окумуштуулар көп жылдар бою генетикадан жооп издешти. ДНКдагы кээ бир өзгөрүүлөр эрте төрөлүү коркунучун жогорулатары белгилүү, бирок бул бүтүндөй процессти генетиканын өзү гана түшүндүрө албайт. Эми жаңы изилдөөлөр жооп таң калаарлык кызматташтыкта экенин көрсөтүп жатат: эненин гендери жана анын ичегисиндеги бактериялар биргеликте иштейт.
Гендер шартты аныктайт
Ар бир адам өзүнө таандык генетикалык кодго ээ. Айрым аялдар эрте төрөлүү ыктымалдыгын бир аз жогорулаткан өзгөрүүлөрдү тукум куучулук аркылуу алышат. Мисалы, сезгенүү, гормондорду жөнгө салуу жана жатын функциясы менен байланышкан атайын генетикалык маркерлер төрөлүү мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн. Бирок, өзүнчө алганда, бул генетикалык коркунуч көрсөткүчтөрү эрте төрөлүү учурларынын бир гана аз бөлүгүн түшүндүрөт. Чындыгында, бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлгөн эң ири изилдөөлөр генетика кош бойлуулуктун узактыгындагы өзгөрүүлөрдүн бир нече пайызын гана түзөрүн көрсөтөт. Көрүнүп тургандай, бул жерде башка күчтөр да катышууда.
Бул процессте ичеги микробиомасынын ролу өзгөчө маанилүү
Ичеги микробиомасы биздин тамак сиңирүү жолубузда жашаган триллиондогон бактериялардын жыйындысы. Кош бойлуулук мезгилинде бул микробдор ыңгайлашат жана алмашуу процессине (метаболизмге), иммунитетке жана атүгүл гормоналдык тең салмактуулукка таасир этиши мүмкүн. 5300дөн ашык кош бойлуу аялдарды камтыган жаңы изилдөөдө окумуштуулар ичеги микробиомасы эрте төрөлүү коркунучун калыптандырууда генетика менен өз ара таасирленерин аныкташты. Бир бактерия, тактап айтканда, Clostridium innocuum негизги оюнчу катары чыгып келди. Бул микробдун жогорку деңгээлине ээ болгон аялдарда мурдатан эле мөөнөтүнөн мурда төрөлүү ыктымалдыгы жогору болчу. Бирок ыңгайсыз генетикалык түзүлүш менен айкалышканда, коркунуч дагы да жогорулады.
Эки тараптуу таасир
Бул айкалышкан таасир кээде ген-чөйрө өз ара таасири деп аталат. Бул учурда чөйрө деген аба булганышы же тамактануу эмес, ичегинин микроскопиялык дүйнөсү. Изилдөөчүлөр коркунучтуу генетикалык варианттарга жана жогорку микробдук коркунуч таасирине ээ болгон аялдарда мөөнөтүнөн мурда төрөлүү ыктымалдыгы эң жогору экенин аныкташты. Бул так эле чынжырдын эки алсыз буунуна окшош. Бир алсыз буун басым астында үзүлбөшү мүмкүн, бирок экөө биргелешип чынжырды алда канча оңой үзөт.
Мунун натыйжаны баалоо мүмкүнчүлүктөрүнө тийгизген таасири
Бул табылганы практикада колдонуу үчүн окумуштуулар тукум куучулук, ичеги микробдору жана жаш же мурдагы кош бойлуулук тарыхы сыяктуу белгилүү коркунуч факторлорун камтыган айкалышкан моделдерди түзүштү. Алар микробиома маалыматтарын кошуу эрте төрөлүүнү болжолдоонун тактыгын жогорулатарын аныкташты. Генетиканын өзү чектелген болжолдоолорду берди, бирок микробдук маалыматтар менен байланыштырылганда натыйжалар алда канча жакшы болду. Бул мамиле акыр-аягында дарыгерлерге кош бойлуулуктун өтө эрте мезгилинде, симптомдор пайда болгонго чейин эле, эң жогорку коркунуч астында турган аялдарды аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай билимдер өмүрдү сактап калышы, кийлигишүүлөр, жакындан байкоо же алдын алуучу дарылоо үчүн убакыт бөлүп берүүсү мүмкүн.
Изилдөө чөйрөсүнөн тышкары
Бул ген-микробиом кызматташтыгынын ачылышы чоң сабак берет: биздин ден соолугубуз тукумдан-тукумга өтүп келген нерселер менен ичибиздеги нерселердин ортосундагы туруктуу өз ара таасир натыйжасында калыптанат. Гендер пайдубал коё алат, бирок микробдор түзүлүштү бекемдеши же алсыратышы мүмкүн. Болочок энелер үчүн бул изилдөө жаңы бөлүм ачат. Ал кош бойлуулукту коргоо үчүн жалгыз эле ДНКга эмес, ичегинин саламаттыгына да көңүл буруу талап кылынышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Кийинки изилдөөлөр менен биз бир күнү генетикалык скрининг менен микробиома профилин стандарттуу тажрыйба катары бириктирген төрөт алдындагы кароону көрүшүбүз мүмкүн.
Келечекке көз чаптыруу
Кош бойлуулук мезгилинде гендер менен микробдордун кандайча кызматташарынын майда-чүйдөсүн илим азырда да тактап жатат. Бирок кабар анык: экөө тең жалгыз аракет кылбайт. Биргелешип алар эрте төрөлүүнүн эки тараптуу коркунучун же, эгер туура тең салмактуу болсо, жаңы жашоону дүйнөгө коопсуз алып келүүгө жардам берген калканды пайда кылышы мүмкүн.
Translated by Sabina Kurbanova
Булак:
- Sole-Navais, P., Flatley, C., Steinthorsdottir, V., et al. (2023). Genetic effects on the timing of parturition and links to fetal birth weight. Nature Genetics, 55, 559–567. https://doi.org/10.1038/s41588-023-01343-9
- Hiltunen, H., Collado, M. C., Ollila, H., et al. (2022). Spontaneous preterm delivery is reflected in both early neonatal and maternal gut microbiota. Pediatric Research, 91, 1804–1811.
- Miao, Z., Hu, S., Wu, P., et al. (2025). Maternal gut microbiome during early pregnancy predicts preterm birth. Cell Host & Microbe, 33(9), 1623–1639.
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү