Балдарды эки тилде тарбиялоо: артыкчылыктары жана чындык
Макала

Балдарды эки тилде тарбиялоо: артыкчылыктары жана чындык

team7 30 Aug, 2025 8 мин окуу

Глобалдашуу себептүү дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен болгон адамдардын бири-бири менен байланышуусу жеңилдеди, жана бул табигый түрдө ар түрдүү улут, дин, мамлекет жана расадагы адамдардын үй-бүлө курушун да көбөйттү. Мунун натыйжасында мындай үй-бүлөлөрдө жарык көргөн балдар эки башка же бири-бирине жакын тилдерди үйрөнүп чоңоюшат. Мындай балдарга карата коомчулукта эки башка көз караш бар, бир аргумент боюнча мындай балдар кайсы тил өз тили экенин билбей тартипсиздикте, чаташууда тил үйрөнүүсү кыйын болот десе, экинчи тарап тескерисинче мындай балдарда акыл-эс өнүгүүсү тезирээк жана мукаммалыраак ишке ашат деген ойду алдыга сүрөт. Бүгүнкү посттто ушул эки көз караштын кайсынысы туура же алар бири-бири менен тыгыз байланыштуубу деген суроого тактык киргизүүгө аракет кылабыз.

Биринчи кезекте, бүгүнкү постто колдонулуучу маанилүү терминдерди аныктап алалы. Bilingual - эки тилде эркин сүйлөй ала турган адам. Monolingual - бир тилде эркин сүйлөй ала турган адам. Bilingual деген термин каалаган эки тилде эркин сүйлөй ала турган адамга карата колдонулса да, бүгүнкү постубуздун негизги фокусу эки тил колдонулган чөйрөдө чоңойгон балдарга бурулат. Бул учурда, ата-эне эки башка тилде сүйлөшүшү же үй-бүлө бир тилде, ал эми тышкы коом башка тилде сүйлөшүшү да мүмкүн (иммигрант үй-бүлөлөр жана алардын балдары).

Негизги терминдерди аныктап алдык, эми bilingual жана monolingual чөйрөдө өскөн балдардын ортосунда өткөрүлгөн изилдөөлөргө жана bilingual чөйрөнүн артыкчылыктарына токтолобуз. Мияке, Эллен Байалисток жана башка окумуштуулар өткөргөн ар түрдүү изилдөөлөр bilingual болуунун негизги артыкчылыгы - мээнин жалпы максаттарга багытталган башкаруучу тутуму (general-purpose oriented executive control system) экенин аныкташты. Бул тутум эмне жана эмнеге жооп берет? Бул тутумду мээнин башкаруу тутуму деп түшүнсөк болот. Анын негизги милдеттери:

- көңүлдү керектүү нерселерге бурап, алаксытуучу факторлорду бөгөттөө

- рухий жана акыл-эс абалдары менен милдеттердин ортосунда өзгөрүү

- азыркы учурда керексиз болгон ой жана жоопторду бөгөттөө

- прогрессти көзөмөлдөө жана каталардан жыйынтык чыгарып, аларды түзөтүүдөн турат.

Бул тутум так бир көндүм же ролго байланбастан ар түрдүү иш-аракеттердин ортосунда иштейт жана башкарат. Мисалы, шахмат ойноп жатканда сизге кийинки так жана туура жүрүштү аныктоодо, шахматтан алаксып башка нерселерди ойлобошуңуз үчүн так ушул тутум жооп берет. Мияке бул тутумду так үч компонентке бөлөт:

- Бөгөттөө - маанисиз маалыматтарды басуу

- Жаңылоо - тиешелүү маалыматтарды эсте сактоо жана кайра карап чыгуу

- Которуу - милдеттер же акыл-эс схемаларынын ортосунда алмашуу

Бул тутум негизинен оозеки эмес милдеттерде жакшы иштесе да, bilingual адамдар бул тутумду monolingual адамдарга караганда көбүрөөк колдонушат жана мунун натыйжасында бул тутум туруктуу түрдө күчөп барат. Муну далилдөө үчүн өткөрүлгөн үч башка изилдөөнү карап чыгабыз.

Биринчиси, алты жашка чейинки 25 monolingual жана 25 bilingual бала ортосунда "Глобалдык жана Жергиликтүү Форма" машыгуусу өткөрүлөт. Анда, балдарга эки башка форма көрсөтүлөт жана балдар ал формаларды туура табышы керек болот. Формалар төмөнкү сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй болот.

Адегенде аларга глобалдык жана локалдык формалар дал келген сүрөттөр көрсөтүлөт (жогорудагы сүрөт). Анда bilingual жана monolingual топтор бирдей натыйжа көрсөтүшөт. Андан кийин, эки топко тең локалдык жана глобалдык сүрөттөр эки башка формада болгон сүрөттөр көрсөтүлөт (төмөндөгү эки сүрөт). Мындай милдетте тез жана так болуу үчүн алаксытуучу формаларга көңүл бурбоо, фокусту локалдык формалардан глобалдык формаларга которуу жана оперативдик эс маанилүү - бул так биз жогоруда белгилеген башкаруу тутумунун компоненттери. Ошонун эсебинен, bilingual балдар monolingual балдарга караганда алда канча тез жана так болушкан.

Экинчи изилдөөдө балдардын визуалдык жана аудио көндүмдөрү сыналат. Бул үчүн, 8 жашка чейинки 30 monolingual жана 30 bilingual бала ортосунда үч машыгуу өткөрүлөт. Биринчи баскычта, сүрөттөр аркылуу сүрөттөгү объект жырткыч жаныбар же музыкалык курал экенин аныктоо, экинчи баскычта үн аркылуу тыбыш жаныбардыкы же куралдыкы экенин аныктоо, үчүнчү баскычта болсо параллель түрдө сүрөт жана аудио жаныбарга же музыкалык куралга тиешелүү экенин аныктоо каралат. Биринчи жана экинчи баскычтарда эки тарап тең бирдей көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү, бирок үчүнчү баскычта bilingual балдар monolingual курдаштарынан алда канча озуп кетишти, өзгөчө сүрөттүү суроолордо.

Акыркы изилдөө болсо, баарыга белгилүү Струп тести болду. Анда балдар адегенде жөн эле сөздөрдү окушат, кийинкисинде түстөрдүн аталыштарын, ал эми акыркы баскычта түс жана сөз эки башка кылып берилет, жана аларды чаташтырбай жооп берүү суралат. Бул изилдөөдө да алгачкы эки баскычта бирдей көрсөткүчтөр болгон менен, үчүнчү баскычта дагы bilingual адамдардын анык артыкчылыгы байкалды.

Үч изилдөөдөн алынган жыйынтык мындай: bilingual балдар бул тутумду тынымсыз колдонгонунун натыйжасында monolingual балдарга караганда тезирээк жана бекемирээк күчөтөт. Мунун негизги себеби алардын эки тилде сүйлөй алышы, жана текстке жараша так бир тилдеги керектүү сөздөрдү таап колдонушу, экинчи тилди колдонуудан өздөрүн кармай алуу көндүмдөрү. Жогоруда айтканыбыздай, мээнин бул тутуму так оозеки эмес иштерге да жооп берет жана чечим кабыл алууда, алаксытуучу факторлорду бөгөттөөдө, маанилүү милдеттерге көңүл бурууда так ушул маанилүү. Мисалы, сиз экзаменге даярданууга кафеге барасыз, ал жер табигый түрдө ызы-чуулуу, бирок сиз тышкы ызы-чууну бөгөттөп, жалгыз окуу материалдары менен экзаменге даярдыкка бүт фокусуңузду бурганда так ушул тутум иштеп жатат.

Bilingual болуунун артыкчылыгы жалгыз ушул эмес, тескерисинче ал көп жылдар бою, атүгүл бүткүл өмүр бою жардам берет. Атап айтканда, адамдардын жашы улгайган сайын когнитивдик бузулуу жана начарлоо байкалат, бул деменция, альцгеймер жана бир катар башка ооруларга себеп болот. Дал ушундай мезгилде, когнитивдик резерв маанилүү. Когнитивдик резерв бул мээнин белгилүү бир оорулуулукка карата туруктуулугу. Когнитивдик резерв туруктуу акыл-эс ишмердиги аркылуу калыптанат жана адамдарга белгилүү ооруларга дуушар болгондо күтүлгөндөн жакшыраак иштөөгө мүмкүндүк берет. Билим алуу, туруктуу дене кыймылы, өз убагында эс алуу, коомдук активдүүлүк сыяктуу пайдалуу иш-аракеттер мындай резервди калыптандырат.

Bilingual болуу жогоруда айтканыбыздай туруктуу түрдө туура тил жана сөздү контекстке ылайык колдонуу үчүн башкаруу тутумун пайдаланат. Мындай туруктуу пайдалануу когнитивдик резервди көбөйтөт.

Когнитивдик резерв эгер жашка байланыштуу когнитивдик бузулуу жана начарлоолордо (альцгеймер, деменция ж.б.у.с.) маанилүү болсо, жана ал bilingual адамдарда күчтүү болсо, демек bilingual адамдар мындай оорунун симптомдорун кечирээк көрсөтүшү керек. Муну аныктоо үчүн изилдөөлөргө кайрылышыбыз зарыл. Биринчи изилдөө 2007-жылы өткөрүлгөн болуп, ага 91 monolingual жана 93 bilingual адам катышкан. Катышуучулардын үчтөн эки бөлүгүндө альцгеймер оорусу болгон. Monolingual адамдар орто эсеп менен 12.4 жыл, bilingual адамдар болсо орто эсеп менен 10.8 жылдык билим алуу тажрыйбасына ээ болгон (мектеп, университет ж.б.). Билим деңгээлиндеги айырмачылыктарга карай турган болсок, monolingual адамдар bilingual адамдарга караганда кечирээк когнитивдик начарлоону баштан кечириши керек, бирок bilingual адамдар орто эсеп менен 75.5 жашта, monolingual адамдар болсо 71.4 жашта алгачкы оорунун симптомдорун көрсөтө башташкан. Ортодо 4.1 жылдык айырма, билим алган жылдар monolingual адамдарда көбүрөөк болгонуна карабастан. Экинчи ушул сыяктуу изилдөө 2010-жылы өткөрүлгөн, жана андагы айырма 5.1 жыл болгон, дагы эле bilingual адамдар оорууга кечирээк кабылышкан. 2012-жылдагы изилдөөдө, бирдей абалдагы monolingual жана bilingual альцгеймер оорусуна чалдыккан бейтаптардын ортосунда bilingual адамдар жакшыраак абалда болушкан. Мунун себеби алардын мээси ден-соолуктуураак болгону эмес, тескерисинче алардагы когнитивдик резерв күчтүүрөөк болгону менен байланыштуу.

Жыйынтыгында, bilingual адамдар өмүрүнүн акыркы бөлүгүндө да жакшыраак когнитивдик көрсөткүчтөрдү ишке ашырышкан жана monolingual адамдарга караганда ден-соолугу бекемирээк болушкан.

Жогоруда көргөнүбүздөй bilingual болуунун бир катар артыкчылыктары бар, бирок анын алсыз же начар тараптары да бар. Биринчиден, алар monolingual курдаштарына караганда эки тилде тең азыраак сөздүк корго ээ болушат, жана тиешелүү сөздөрдү эсине түшүрүүдө жайыраак аракет кылышат. Алардын оозеки чечендиги да күчтүү эмес, тескерисинче алар эки тилде тең терең чеберчиликке жетише алышпайт, айрыкча түз которулбаган сөз айкаштарында алар кыйынчылык тартышат. Ар бир нерседе болгондой, bilingual болууда да өзүнүн кемчиликтери жана мүчүлүштүктөрү бар.

Бул мүчүлүштүктөрдү мүмкүн болушунча жоюу үчүн окумуштуулар бир катар кеңештерди беришет. Эки тилдүү чөйрөдө тилдер экиге бөлүнөт: негизги тил (major) - негизинен коомчулук арасында, мектепте, курдаштар менен сүйлөшкөндө колдонулат, ал эми кичи, экинчи даражадагы тил (minor) - үй-бүлө чөйрөсүндө, тар чөйрөдө же ата-энеден бири менен сүйлөшүү үчүн колдонулуучу тил. Муну Британия, Кошмо Штаттар же Европада жашаган ар түрдүү улуттагы биринчи муундагы иммигранттардын арасында байкаса болот. Атап айтканда, Британиядагы өзбек үй-бүлөлөрү жана алардын балдары, инди үй-бүлөлөрү жана алардын балдары же кытай үй-бүлөлөрү жана алардын балдары мисалында анык байкоого болот. Мындай үй-бүлөлөрдөгү баланын негизги тили - бул англис тили, ал эми үй-бүлө ичинде колдонулуучу тил болсо - инди, өзбек же кытай тили. Мындай кырдаалда, баланын жаш чагында кичи тилди өнүктүрүүгө басым жасоо сунушталат, себеби эгер бул тил жаш кезинде бекем үйрөтүлбөсө, жаш өткөн сайын аны унутуп калуу ыктымалдыгы жогорулайт. Бул үчүн ар кандай стратегияларды колдонсо болот, мисалы үй-бүлө ичинде жалгыз кичи тилде сүйлөшүү, үйдө жалгыз ошол тилде сүйлөшүү же жумасынын белгилүү күндөрүндө ошол тилде сүйлөшүү сыяктуу жолдор колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, көлөм жана сапат абдан маанилүү. Бала бул тилди канчалык көп колдонсо, анын сөздүк деңгээли ошончолук жогорулайт жана тилди жоготуу ыктымалдыгы азаят. Бирок бул пассивдүү түрдө YouTube, телевизор же ушу сыяктуу каражаттардан келбеши керек, себеби мындай каражаттарда негизинен саал сөздүк деңгээл колдонулат жана бул баланын сөздүк деңгээлин байытпайт. Аны менен туруктуу баарлашуу, ар кандай сөз айкаштарын үйрөтүү эң натыйжалуу чечим деп эсептелет. Акыркы кеңеш болсо, ата-энелер балдары чаташпашы үчүн эки тилдүү чөйрөдө тилдерди ырааттуу түрдө (мисалы, адегенде англис тили, кийин инди тили же тескерисинче) үйрөтүү жакшыраак деп ойлошот. Бирок изилдөөлөр тескерисин көрсөтөт. Тилдерди параллель түрдө үйрөнүү балада акценттин жакшы чыгышын, көбүрөөк сөздүк байлыкты жана грамматикалык тактыкты көрсөтөт. Ырааттуу үйрөтүүдө болсо балада экинчи үйрөтүлгөн тилде акцент, грамматика жана сөздүк корго байланыштуу кемчиликтер пайда болот. Ошондуктан эки тилди тең параллель түрдө үйрөтүү эки тилди тең бекем өздөштүрүү ыктымалдыгын жогорулатат.

Жыйынтыктап айтканда, bilingual чөйрөдө тарбиялануунун артыкчылыктарын негизинен мээнин тез иштеши, конфликттерди туура башкаруу, жакшыраак чечим кабыл алуу жана узак мөөнөттө ар түрдүү ооруларга туруктуулугунда көрүүгө болот. Ошондой эле, так бир тилде эркин сүйлөй алабоо, саал сөздүк кор жана тил байлыгына ээ болуу сыяктуу кемчиликтерди да өз ичине алат.

Булактар:

  1. Byers-Heinlein, Krista, and Casey Lew-Williams. "Bilingualism in the early years: What the science says." LEARNing landscapes 7, no. 1 (2013): 95.
  2. Dentella, Vittoria, Camilla Masullo, and Evelina Leivada. "Bilingual disadvantages are systematically compensated by bilingual advantages across tasks and populations." Scientific reports 14, no. 1 (2024): 2107.
балдарды эки тилде тарбиялоо эки тилдүүлүктүн артыкчылыктары эки тилдүү адамдын мээси эки тилдүү баланын өнүгүшү экинчи тилди үйрөнүү сүйлөөнүн кечигүүсү тууралуу мифтер эки тилдүүлүктүн когнитивдик пайдасы бир ата-эне бир тил көп тилдүү үй-бүлөлөр аткаруучу функциялар код алмаштыруу

Бул пост менен бөлүшүү:

Жакты (Макалаларды жактыруу үчүн кирүү керек)

Пикирлер

Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү

Тектеш макалалар