Киришүү:
Амиотрофиялык каптал склероз, же ALS, мээ жана жүлүндөгү нерв клеткаларын (нейрондорду) бутага алган нейродегенеративдик оору. Ал булчуңдарды башкарууну бузат, белгилери убакыт өткөн сайын оордоп барат. ALS көбүнчө Лу Гериг оорусу деп аталат: ушул диагноз коюлган бейсболчунун атынан. Оорунун так себеби али белгисиз. Аз гана учурлар тукум куума өтөт.
ALS нерв системасына чындыгында кандай таасир этет?
Амиотрофиялык каптал склероз (ALS) мээ менен жүлүндөгү мотонейрондорго (нерв клеткасынын бир түрү) кол салат. Мотонейрон сезүүчү нейрондордон келген электр импульстарын кабыл алып, бул кабарларды булчуң жана бездер сыяктуу аткаруучу органдарга жеткирет. Мотонейрондун эки түрү бар: жогоркулары импульстарды мээнин кыймыл кыртышынан (мээнин кыймылды башкарган бөлүгү) жүлүнгө түшүрөт; төмөнкүлөрү импульстарды жүлүндөн бүт денедеги булчуңдарга өткөрөт. ALSте мотонейрондор акырындык менен бузулуп, акыры өлөт. Мотонейрондор өлгөндө мээ кыймылды баштоо жана аны көзөмөлдөө жөндөмүн жоготот. Эрктүү кыймыл барган сайын начарлайт, оорунун кечки баскычтарында бейтап толук шал болуп калышы мүмкүн.
ALS мотонейрондорду кантип өлтүрөт
ALSтин мүнөздүү белгиси, бул мээ жана жүлүндө туура эмес бүктөлгөн РНК менен байланышуучу белоктордун (алар клетканын ичинде РНК кандай иштетилерин, ташылаарын жана трансляцияланаарын башкарат), анын ичинде FUS деп аталган белоктун топтолуп калышы. Бул нейрондордун өлүмүнө алып келет: алар бири-бири менен байланыша албай, булчуңдарга жете албай калат. Бул белоктор иштеши үчүн алар катуу тамчыдан желе сымал абалга өтүшү керек. FUS белогу конденсацияланганда (тамчыдан гелге), ал РНКны илип алып, аны нейрондун башка нейрондор менен байланыш, башкача айтканда синапс түзүүгө катышкан алыскы бөлүктөрүнө ташыйт. Ал жерде белок «эрип», РНКны бошотот. Андан соң бул РНК синапстарда жаңы белокторду жаратууга колдонулат, ал белоктор синапстын туура иштеши үчүн, өзгөчө эс тутум калыптанып, үйрөнүү жүрүп жатканда зарыл.
ALSте РНКны башкарган белоктор адаттан тыш коюу гель абалында биротоло катып калат, РНКны кармап туруп, аны пайдаланууга жараксыз кылат. Бул нерв клеткаларын жабыркатат: алар синапстын иши үчүн керектүү белокторду өндүрө албай калат, натыйжада мээ менен жүлүндөгү нейрондор өлөт.
Оорунун белгилери жана себептери
Убакыт өткөн сайын ALS дем алууга катышкан булчуңдарды алсыратат. ALS менен жашаган адамдарга түнкүсүн дем алуу үчүн маскалуу дем алдыруу аппараты сыяктуу түзүлүш керек болушу мүмкүн. Ошондой эле ALSте жутууга катышкан булчуңдар да алсырашы мүмкүн. Бул тамактануунун бузулушуна жана суусуздукка алып келет.
ALS адатта булчуң алсыздыгынан башталат, ал жайылып, убакыт өткөн сайын күчөйт. Белгилери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- Басууда же күнүмдүк жөнөкөй иштерде кыйналуу.
- Мүдүрүлүү жана жыгылуу.
- Бут, таман же тобуктагы алсыздык.
- Колдун алсызданышы же ыкчамдыгын жоготушу.
- Кептин түшүнүксүз болушу же жутунуунун кыйындашы.
- Кол, ийин жана тил булчуңдарынын тартылышы жана дирилдеши менен коштолгон алсыздык.
Диагноз коюлгандан кийинки орточо жашоо узактыгы эки жылдан беш жылга чейин, бирок айрым бейтаптар бир нече жыл, атүгүл ондогон жыл жашайт. ALS диагнозу коюлган адамдардын болжол менен 50 пайызы диагноздон кийин кеминде үч жыл же андан узак жашайт.
Изилдөөчүлөр амиотрофиялык каптал склерозду эмне пайда кыларын билишпейт. Алардын пикиринде, бул төмөнкү факторлордун айкалышы:
Генетика: үй-бүлөлүк учурлардын болжол менен 70 пайызы жана бардык учурлардын 5 пайыздан 10 пайызга чейинкиси гендердеги өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Алар көбүнчө C9orf72, SOD1, TARDBP жана FUS гендеринде кездешет. Оорого тиешеси бар 40тан ашык ген белгилүү.
Айлана-чөйрө: уулуу заттар (мисалы, коргошун же сымап) менен байланыш, вирустар же жаракат да роль ойношу мүмкүн.
Дарысы барбы?
Эч бир дарылоо ALS келтирген зыянды артка кайтара албайт. Бирок дарылоо белгилердин күчөшүн жайлатып, бейтаптын абалын жеңилдете алат.
Бейтаптар дары-дармек, ар түрдүү терапия менен реабилитация, тамактанууну колдоо жана дем алууну колдоо аркылуу белгилердин таасирин азайта алышат. Оору күчөгөн сайын бейтапка башка же кошумча дарылоо ыкмалары керек болушу мүмкүн.
Корутунду
Амиотрофиялык каптал склероз медицинага белгилүү эң татаал жана кыйратуучу неврологиялык оорулардын бири бойдон калууда. Анын генетикалык жана молекулалык механизмдерин, анын ичинде РНК менен байланышуучу белоктордун ролун жана мотонейрондордун бузулушун түшүнүүдөгү ийгиликтерге карабастан, дарысы дагы деле жок. Оорунун механизмин кылдат изилдеп, ALSтин кантип өнүгөрүн түшүнүү изилдөөчүлөргө келечектеги дарылоонун бутасын издөө багытын берет.
Колдонулган адабияттар:
Mayo Clinic Staff. (2024, April 10). Amyotrophic lateral sclerosis (ALS) - Symptoms & causes. Mayo Clinic. https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/amyotrophic-lateral-sclerosis/symptoms-causes/syc-20354022
Cleveland Clinic. (2025, May 6). Amyotrophic Lateral Sclerosis (ALS): What it is & symptoms. https://my.clevelandclinic.org/health/diseases/16729-amyotrophic-lateral-sclerosis-als
The ALS Association. (n.d.). Disease mechanisms. Retrieved November 3, 2025, from https://www.als.org/research/als-research-topics/disease-mechanisms
Pirooznia, S. K., Hickman, J. M., & Turner, M. R. (2014). Motor neuron death in ALS – programmed by astrocytes? PMC. Retrieved from https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC4040524/
Wellcome. (2018, April 18). Mechanism behind neuron death in motor neurone disease and frontotemporal dementia discovered. https://wellcome.org/press-release/mechanism-behind-neuron-death-motor-neurone-disease-and-frontotemporal-dementia
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү