Кириш
Агым (англисче Flow) – бул инсандын кандайдыр бир иш-аракетке толугу менен чөмүлүп кеткен, аң-сезими бир гана ошол ишке топтолгон, дене кыймылдары шайкештешкен жана убакыт кандайдыр бир башкача өтүп жаткандай сезилген психикалык абалы. Бул терминди биринчи жолу 1970-жылдары белгилүү психолог Михай Чиксентмихай (Mihaly Csikszentmihalyi) киргизген. Кийинчерээк ал позитивдүү психология тармагындагы эң маанилүү темалардын бирине айланган.
Агым абалы спорт, музыка, искусство, татаал техникалык иштер жана тактыкты талап кылган башка чөйрөлөрдө байкалышы мүмкүн. Дүйнө деңгээлиндеги спортчулар, концерт музыканттары, учуучу-пилоттор же хирургдор үчүн бул жөн эле “жагымдуу сезим” эмес. Тескерисинче, алардын жогорку деңгээлдеги туруктуу жетишкендиктеринин, башкача айтканда чоку натыйжаларынын негизги сыры болуп саналат.
Агым кантип жүзөгө чыгат?
Чиксентмихайдын теориясына ылайык, агым пайда болушу үчүн инсан туш болгон тапшырманын татаалдыгы менен анын жөндөмдөрүнүн ортосунда тең салмактуулук болушу керек.
Эгер тапшырма өтө жеңил болсо – көңүл чөгүү пайда болот.
Эгер тапшырма өтө эле татаал болсо – тынчсыздануу, кооптонуу пайда болот.
Агым абалын аныктаган негизги белгилер бар: максаттардын так болушу, натыйжаны дароо сезүү, толук көңүл буруу, өзүн-өзү унутуу, убакытты кабылдоонун өзгөрүшү, аракеттерди көзөмөлдөө сезими, процесстин өзүнөн ырахат алуу, ой жана аракеттердин шайкештиги жана тышкы алаксытуучу факторлордон эркин болуу.
Элита аткаруучулар — спортчулар же музыканттар — мындай тең салмактуулукка жетүү үчүн жылдар бою машыгышат. Ошондуктан алар татаал кырдаалдарга автоматтык түрдө ыңгайлаша алышат жана жогорку деңгээлдеги кыйынчылыктарды да башкарууга жөндөмдүү болушат.
Мээде агым учурунда эмнелер жүз берет?
Нейроилимий изилдөөлөр агым абалынын мээдеги ар кандай борборлордун биргелешкен иштешинин натыйжасында жүзөгө чыгарын көрсөтөт.
- Префронталдык кортекс ишмердүүлүгү убактылуу төмөндөйт (бул абал “транзитордук гипофронталитет” деп аталат). Натыйжада адам ашыкча анализ жасоону токтотот, ал эми аракеттери андан ары автоматташат.
- Базалдык ганглиялар кыймыл жана адаттарды жөнгө салат. Бул болсо чеберчиликтерди аң-сезимди ашыкча ээлебестен аткарууга жардам берет.
- Дофамин системасы мотивацияны күчөтөт, ырахат сезимин ойготот жана ишмердүүлүктү улантууга түртөт.
ЭЭГ аппараттарынын жардамы менен өткөрүлгөн тажрыйбалар агым абалында альфа (көңүл бурулган тынчтануу) жана тета (чыгармачылык, эстутумду бириктирүү) толкундарынын үстөмдүк кыларын көрсөткөн. fMRI текшерүүлөрү болсо мээ аймактарынын ортосундагы байланыштын күчөшүн аныктаган: атап айтканда, көңүл бурууну башкаруучу, аракеттерди шайкештирүүчү жана сыйлык сезимин башкаруучу аймактар активдүүрөк иштеген.
Агымга таасир этүүчү факторлор
Агым жалгыз гана мээ ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмес. Айлана-чөйрө, мотивация жана психологиялык даярдык да чоң мааниге ээ.
Биринчиден, чөйрө ыңгайлуу болушу керек. Максаттар так, эрежелер айкын жана алаксытуучу факторлор минималдуу болгондо агымга кирүү жеңилдейт.
Экинчиден, ички мотивация маанилүү. Башкача айтканда, адам ишти жалгыз гана натыйжа үчүн эмес, процесстин өзүнөн ырахат алуу үчүн да жасашы керек.
Үчүнчүдөн, психологиялык даярдык зарыл. Бул көңүл бурууну башкарууну, стрессти көзөмөлдөөнү жана узак убакыт концентрацияны сактоо жөндөмүн өз ичине алат. Тынымсыз машыгуу жана тартиптүү алектенүү мээге көндүм берет. Натыйжада адам баалуу психологиялык энергиясын чыгармачылыкка же көйгөйдү чечүүгө багыттай алат.
Агымды колдоочу технологиялар жана ыкмалар
Заманбап илим агым абалына жетишүүнү жеңилдетүү үчүн ар кандай технологияларды жана психологиялык көнүгүүлөрдү сунуштап жатат.
Технологиялык мамилелердин бири – бул транскраниалдык түз ток стимуляциясы (tDCS) болуп, ал мээнин көңүл бурууга жооптуу бөлүктөрүн козгойт. Ошондой эле биофидбек технологиясы аркылуу дененин физиологиялык реакцияларын байкоо жана башкаруу мүмкүн.
Психологиялык даярдыкта болсо mindfulness — учурдагы учурга толук көңүл буруу, визуализация — тапшырманы алдын ала көз алдыга элестетүү, ошондой эле дем алуу көнүгүүлөрү — дене жана психологиялык чыңалууну азайтуу чоң мааниге ээ.
Технология мээнин абалын даярдаса, психологиялык көнүгүүлөр инсандын психологиялык жөндөмдөрүн бекемдейт. Бул болсо агым абалын тезирээк жана натыйжалуураак сезүүгө жардам берет.
Корутунду
Агым – бул инсандын “оптималдуу зонасы”, анда көңүл буруу, активдүү катышуу жана натыйжалуулук мыкты түрдө шайкештешет. Элита аткаруучулар үчүн агым алардын адаттагы натыйжасы менен укмуштуудай натыйжасынын ортосундагы негизги айырма болуп саналат.
Мээ механизмдеринен тартып айлана-чөйрө факторлоруна чейинки бардык жактарды түшүнүү мурабийлерге, изилдөөчүлөргө жана практиктерге натыйжалуу машыгууларды долбоорлоштурууда жардам берет. Туура чакырык деңгээли, ички мотивация, колдоочу чөйрө, заманбап технологиялар жана психологиялык көнүгүүлөр айкалышканда агым абалына кирүү мүмкүнчүлүгү артат. Натыйжада, жогорку натыйжалар эми кокустук эмес, тескерисинче ырааттуу аракет менен жетишүүгө мүмкүн болгон чындыкка айланат.
Булак:
- Csikszentmihalhi, M. (2020). Finding Flow: The Psychology Of Engagement With Everyday Life. Hachette UK.
- Nakamura, J., & Csikszentmihalyi, M. (2001). The Concept of Flow. In C. R. Snyder & S. J. Lopez (Eds.), Handbook of Positive Psychology (p. 0). Oxford University Press. https://doi.org/10.1093/oso/9780195135336.003.0007
- Rogatko, T. P. (2009). The Influence of Flow on Positive Affect in College Students. Journal of Happiness Studies, 10(2), 133–148. https://doi.org/10.1007/s10902-007-9069-y
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү