Капгра синдрому: жүзүн тааныйсың, бирок жүрөгүң тааныбайт
Киришүү
Капгра синдрому французиялык психиатр Жозеф Капгранын (Joseph Capgras) урматына аталган. 1923-жылы Капгра бул бузулууну биринчи жолу илимий макалада сүрөттөп берген: анда күйөөсүн жана тааныган адамдарын аларга окшош көчүрмөлөр алмаштырып койгонуна нааразы болгон бир аялдын учуру баяндалган. Авторлор синдромду "l'illusion des sosies" деп аташкан, бул «окшоштордун элеси» дегенди билдирет.
Капгра сандырагы деген эмне?
Капгра синдрому (Capgras syndrome, CS), же кош адам сандырагы, жалган таануу сандырак синдромдорунун катарына кирет. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул сейрек кездешүүчү нейропсихиатриялык абал: адамдардын 1-3 пайызында кездешет жана оорулуу өзүнүн жакын досун, үй-бүлө мүчөсүн же жубайын так ошондой көрүнгөн алдамчы алмаштырып койгон деген ишенимде болот. Алмаштырылган нерсе жансыз буюм же жаныбар да болушу мүмкүн: бейтаптын үй жаныбары, атүгүл өз үйү. Адам жүздү көзү менен таанып турса да, мурдагы эмоционалдык байланышты сезбейт, ошондон улам «бул башка бирөө, көчүрмө» деген жаңылыш жыйынтыкка келет.
Жашоодон алынган бир нече мисал:
Оор депрессия менен психиатриялык ооруканага жаткырылган аял өз үй-бүлөсүн өлтүрүп койдум деп ишенген. Аман-эсен балдары менен күйөөсү жолугууга келгенде, ал аларды өзүн алдаш үчүн оорукана жалдаган актёрлор деп айыптаган.
Атасы каза болгондон кийин кичүү карындашта Капгра сандырагы пайда болгон: ага үй-бүлө мүчөлөрүн алдамчылар алмаштырып койгондой сезилген. Кийин ал өз эжесин да ушул эле ишенимге көндүргөн.
Психикалык текшерүү учурунда бейтап ата-энесин өлтүрүп, ордуна алдамчыларды коюшкан деп ойлоорун, ал эми ошол алдамчыларды өзү өлтүргүсү келерин айткан.
Эмне үчүн ушундай болот?
Капгра сандырагынын так себеби азырынча толук аныкталган эмес. Болжолдуу түшүндүрмө боюнча, мээде жүздү таануучу аймак менен эмоционалдык жоопту иштеп чыгуучу аймактын ортосундагы байланыш үзүлөт. Ошондуктан адам жүздү көрөт жана тааныйт, бирок ага байланышкан сезимди сезбейт.
Башка мүмкүн болгон себептер
Психикалык ден соолук маселелери: ар кандай психикалык бузулуулар жана депрессия Капгра синдрому менен байланышта кездешет.
Нейродегенеративдик оорулар: Альцгеймер оорусу, Паркинсон оорусунун кеч этаптары же деменция.
Борбордук нерв системасынын башка абалдары: инфекциялык оорулар же уулуу заттардын таасири да бул абалды жаратышы мүмкүн.
Белгилери:
Капгра синдрому менен жашаган адамдар «алдамчынын» жанында тынчсызданат, ачууланат же тынчы кетет.
Алар өздөрүн толугу менен алыс кармашат: «алдамчыдан» да, ал жакын жерде болгон учурда башкалардан да качышат.
«Алдамчы» аларды тынчсыздандырат же коркутат деп айтышат.
Агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүшөт: «алдамчыны» коркутушат же денелик кол салууга аракет кылышат.
Алдамчы деп эсептелген адамдын чын эле үй-бүлө мүчөсү же дос экенин далилдеген эч нерсеге ишенүүдөн баш тартышат.
Бүт көңүлүн «алдамчыны» ашкерелөөгө бурушат.
Капгра синдрому кантип аныкталат?
Дарыгерлер физикалык текшерүү жүргүзүп, оорунун толук тарыхын чогултушат. Бейтаптан Капгра синдромунун коркунучун жогорулатышы мүмкүн болгон абалдар тууралуу сурашат. Ошондой эле неврологиялык текшерүүлөрдү жана визуалдаштыруу изилдөөлөрүн, тактап айтканда компьютердик томографияны (КТ) жана магниттик-резонанстык томографияны (МРТ) дайындашат.
Капгра синдрому кандай дарыланат?
Дарыгерлер оорунун белгилерин басаңдаткан антипсихотикалык дарыларды жазып бериши мүмкүн. Ошондой эле когнитивдик-жүрүм-турум терапиясы (CBT) сыяктуу психологиялык терапия сунушталат. Терапия учурунда эмпатия көрсөтүп, Капгра синдрому менен жашаган адам эмнени баштан кечирип жатканына чын дилден кызыгуу керек. Анын ишенимдерин ачыктан-ачык талашуудан оолак болуу маанилүү.
Капгра синдрому өтүп кетеби?
Дарылоосуз бул абал өз алдынча жоголбойт. Антипсихотикалык дарылар жана психологиялык кеңеш берүү сыяктуу дарылоо белгилерди көп учурда жеңилдетет.
Корутунду:
Капгра сандырагы биздин ким экенибизди сезүүбүз жана башкалар менен байланышыбыз мээдеги морт тармактарга канчалык көз каранды экенин эске салат. Бул кубулушту түшүнүү бизди таануунун сырткы катмарынан ары карап, эстутум, эмоция жана ишеним чындык тууралуу тажрыйбабызды кантип бир жипке тизерин ойлонууга түртөт. Изилдөөлөр уланган сайын бул синдром бизге эң татаал суроону берет: бирөөнү таануу жана бирөөгө таанылуу деген эмне?
Шилтемелер:
(2021). Historical Perspective. PubMed. Available at: https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/34033319/#:~:text=Historical%20Perspective&text=In%201923%2C%20Joseph%20Capgras%20first,existed%20a%20double%20of%20herself
(Accessed: 04.10.2025).
(2022). Case report / article on Capgras [PMC]. Available at: https://pmc.ncbi.nlm.nih.gov/articles/PMC8856642/#:~:text=The%20patient%20arrived%20with%20hetero,11/09/2021
(Accessed: 05.10.2025).
Cleveland Clinic. Capgras syndrome. Available at: https://my.clevelandclinic.org/health/diseases/capgras-syndrome
(Accessed: 05.10.2025).
Healthline. Capgras syndrome: What it is, symptoms, causes, and treatments. Available at: https://www.healthline.com/health/capgras-syndrome#:~:text=What%20is%20Capgas%20syndrome?,best%20to%20manage%20its%20symptoms
(Accessed: 05.10.2025).
WebMD. Impostor syndrome / Capgras. Available at: https://www.webmd.com/mental-health/impostor-syndrome-capgras
(Accessed: 04.10.2025).
Пикирлер
Пикир калтыруу үчүн кирүү керек Кирүү